Мамлекеттик күзөт кызматынын 23 жаштагы кызматкери Ж.Т. 29-июнда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Ал буга чейин Ысык-Көлдө белгисиз жарандар тарабынан сабалганы маалымдалган.

Маркум Ж.Т. таңкы кызматтык чогулушта эс-учун жоготкон. Дарыгерлердин жардамына карабастан, эсине келбей көз жумган. Анын денесинен оор жаракаттар табылбаганы менен, көк ала тактар жана тырыктар болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуя 11-июндан 12-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айылдардын биринде болгон. Ж.Т. сүйлөшкөн кызына барганда сабалганын маркумдун бир тууганы 22-июлда милицияга билдирген. Жабырлануучу өзү милицияга кайрылбай, Бишкекке иштөөгө кеткен.

Милициянын алдын ала иликтөөсүндө, сабоого шектүү катары Ак-Суу районунун тургундары Ч.С., Д.Н., С.Н., Б.А. жана И.А. аттуу беш жарандын өздүгү аныкталган. Алардын баары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча козголгон. 23-июлда Ак-Суу райондук соту 2010-жылы туулган эки шектүүнү үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.