Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда кызга кол салуу боюнча видеону таап алышкан. Видеодо бир эркек киши кызга карата укукка каршы аракеттерди жасап, андан кийин экинчи эркек аны унаага салып, окуя болгон жерден алып кеткени көрүнүп турат.

Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган А.Х. жана 1991-жылы туулган Б.У. аттуу жарандарды аныктап, райондук башкармалыкка алып келишкен.

Эки шектүүнүн тең үстүнөн Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча протокол түзүлүп, алар Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жабырлануучунун айткандары

Буга чейин окуя 26-июль күнү таңкы саат 06:00 чамасында Юнусалиев көчөсүндө болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, ал жумуштан үйүнө кайтып келе жатканда, белгисиз эркек киши артынан келип, аны асфальтка жыгытып, бир канча убакытка чейин турууга мүмкүндүк берген эмес.

Кыз эркектин өзүн акылга сыйбас алып жүргөнүн айткан. Ал адам тыюу салынган заттардын таасиринде болушу мүмкүн деп божомолдогон, бирок бул тууралуу расмий ырастоо болгон эмес. Кол салуунун натыйжасында кыз денесинен көгала болуп, жаракат алган.

Бир канча убакыттан кийин эркек кызды коё берип, бир тарапка чуркап барып жыгылган. Андан соң, жабырлануучунун айтымында, ал үчүн кытай мамлекеттик номурлуу унаа келип, ага отуруп кетип калган.