Nomad агенттигинин маалыматына ылайык, окуя 26-июль күнү таңкы саат 6да болгон. Юнусалиев көчөсүндө бараткан кызга эркек киши кол салып, аны жерге жыгып, бир канча убакыт турууга мүмкүнчүлүк берген эмес.

Андан соң кол салган адам окуя болгон жерден качып, ак түстөгү унаага отуруп, из жашырып кеткен.

Жабыркаган кыз окуядан улам денесинен көк ала тактарды жана башка жаракаттарды алган.

Милиция кызматкерлери жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кол салган эркекти да, аны алып кеткен унаанын айдоочусун да кармашкан. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандарга карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн.