Бишкекте жоголгон төрт жаштагы кыз бала Милананы издөө иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Кызды бир нече саат бою милиция кызматкерлери жана волонтёрлор чогуу издеген.
Узакка созулган издөө иштеринин натыйжасында Милана тирүү бойдон табылды. Бул тууралуу Vesti.kg басылмасы кабарлады.
Кыздын кайда жана кандай абалда табылганы тууралуу кошумча маалыматтар азырынча жарыяланган жок.



