Бишкектеги төрт көчөдө коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер иштеп жатат. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев автобустардын график боюнча жүрүшү жакшырып жатканын белгиледи.
Бирок айдоочулар кээде жол эрежелерин бузуп, атайын тилкелерде автобустарга тоскоолдук жаратууда. Учурда бул тилкелерди толук айланма кылып туташтыруу иштери жүрүп жатат. Бул жуманын аягына чейин Абдрахманов көчөсүндө, Чүй жана Дэн Сяопин проспекттеринде жол белгилөө иштери аяктап, бирдиктүү тармак түзүлөт деп айтты вице-мэр.
График боюнча чектөөлөр
Учурдагы тартип боюнча жеке унаалардын атайын тилкелерден өтүүсү төмөнкүдөй чектелет:
Депутаттын сунушу
«Ынтымак» фракциясынын лидеринин орун басары Казыбек Эргешов шаардагы жолдордун көбү үч тилкеден турат экенин айтты. Анын айтымында, бир тилке автобуска, экинчиси солго бурулууга калса, калган унаалар үчүн болгону бир тилке гана калат. Бул кечки убакта чоң тыгындарга себеп болууда. Ошондуктан, атайын тилкеден өтүү укугун саат 20:00 эмес, 18:00дөн баштап берүү керектээрин сунуштады. Себеби кечки убакта унаа агымы үйүнө кайткан учур болот»,- деди депутат.
Бишкектеги атайын тилкелер кечки убакта тыгындарга алып келет















