Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысынын маалыматына ылайык, жакынкы убакта Бишкекте өтө турган саммитте бир катар маанилүү маселелер талкууланат. Бул талкууларга Россиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышат.
Sputnik Кыргызстан басылмасы ШКУ баш катчысына шилтеме берип билдиргендей, саммиттин жыйынтыгында ядролук коопсуздукту чыңдоо багытындагы көп тараптуу өнөктөштүк боюнча Декларация кабыл алынары күтүлүүдө.







