"Бишкектеплоэнерго" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы отканаларды камсыздоо үчүн 1950 тонна көмүр сатып алуу боюнча сынак жарыялады. Мамлекеттик компаниялардын сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, сынак 24-июлда жарыяланган.

Көмүр сатып алууга болжолдуу сумма 13,5 миллион сомду түзөт. Бул ар бир тонна көмүрдүн баасы болжол менен 6900 сомго барабар экенин көрсөтөт. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 31-июлга чейин кабыл алынат.

Ишканага катмарлуу мештерде жагуу үчүн күрөң көмүр керектелет. Техникалык спецификацияда айтылгандай, көмүр Бишкектеги ишкананын отканаларына зарылчылыкка жараша жеткирилет.

"Бишкектеплоэнерго" муниципалдык ишканасынын курамында 2025-жылга карата 114 откана бар экени белгиленет.