Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорунда муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акысынын чектик өлчөмүн аныктоонун бирдиктүү методикасын бекитүү каралган. Документ Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан.
Бул методика муниципалдык жерди ижарага берүү укугуна аукциондорду өткөрүүдө да, жер тилкелерин түз берүүдө да колдонулат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баштапкы ижара акысынын чектик өлчөмүн бекитет, бирок аны Министрлер Кабинетинин методикасына ылайык эсептеши керек.
Эсептөө үч коэффициентти колдонуу менен жүргүзүлөт: жер категориялары, аймактык зона жана колдонуу түрү.
Аймактык коэффициент
Аймактык коэффициент инфраструктурага жана географиялык жайгашууга жараша бөлүштүрүлөт:
- 2 — жогорку коммерциялык активдүүлүк зоналары үчүн;
- 1.5 — инфраструктура менен камсыздалган аймактар үчүн;
- 0.8 — начар өздөштүрүлгөн райондор үчүн;
- 0.4 — алыскы аймактар үчүн.
Колдонуу түрүнө жараша коэффициенттер
- 2.5 — банкоматтар, төлөм терминалдары, телекоммуникациялык жабдыктар, банк кызматтары жана авиакассалар;
- 1.7 — ресторандар, кафелер, мейманканалар, мончолор, май куюучу жайлар, медициналык уюмдар, дарыканалар, соода-логистикалык борборлор жана оюн-зоок объектилери;
- 1.6 — дүкөндөр, сулуулук салондору, автосервистер, автожуучу жайлар, чачтарачканалар жана соода түйүндөрү;
- 1.5 — унаа токтотуучу жайлар жана гараждар;
- 1.4 — кеңсе жайлары;
- 1.1 — өндүрүштүк объектилер, тигүү цехтери жана кампа жайлары;
- 0.8 — дан кампалары, жашылча-жемиш кампалары, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн башка объектилери;






