Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бучук кениндеги пайдалуу кендерди иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүнөн улам жайыт жерлеринин өндүрүш калдыктары менен булганганын тастыктады. Маалыматка ылайык, бул калдыктар шамал аркылуу жайылып кеткен.

Бул факт боюнча алгач жергиликтүү тургундардан маалымат түшкөн. Аталган маалымат министрлик тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда өз тастыктамасын тапты. Бул окуяга байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы дароо аймакты иликтеп чыккан.