Иш-чара Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги тарабынан кытайлык «Синьхуа» маалымат агенттиги менен биргеликте уюштурулду. Форум ШКУнун 25 жылдыгына карата өтүп жатат, уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.
«Кабар» КУИАнын директору Медербек Шерметалиевдин айтымында, форумга 26 өлкөдөн 200гө жакын делегат катышууда.
Катышуучулар заманбап медиа чөйрөдөгү негизги чакырыктарды, анын ичинде санариптик технологиялардын өнүгүүсүн, киберкоопсуздукту, жасалма интеллектти колдонууну, дезинформацияга жана фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүнү, ошондой эле ШКУнун алкагында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашат.
Шерметалиев бул жолугушуунун негизги максаты ШКУ өлкөлөрүнүн алдыңкы медиа жетекчилери менен эксперттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу экенин баса белгиледи. Форумдун жыйынтыгында кандайдыр бир документтерге кол коюу пландаштырылган эмес, негизги жыйынтык кесипкөй диалог жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу болот.
«Кабар» агенттигинин жетекчисинин пикиринде, ар кайсы өлкөлөрдө маалыматты чагылдыруу ыкмаларында айырмачылыктарга карабастан, мындай аянтчалар журналисттерге бири-биринин ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.






