Kaktus.media басылмасынын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылынын жашоочусу ичүүчү суунун сапатына нааразычылыгын билдирген. Анын айтымында, крандан ылай жана ар кандай таштандылар аралашкан суу агып жатат.
Ошондой эле айыл тургунунун айтымында, айылда суу берүү дайыма токтотулуп турат.
Ал көйгөйгө көңүл буруп, айылдагы ичүүчү суунун сапатын текшерүүнү суранган.


















