Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында болгон окуя боюнча маалыматты тактады. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган жигит жабыркаган.
Жабырлануучу Ананьево айылындагы аймактык ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өлүмүн констатациялашкан. Министрлик билдиргендей, жабыркаган жигитке баш мээнин ачык жаракаты жана айкалышкан жаракаттар деген диагноз коюлган.
Буга чейин Кырчын капчыгайында жылкы адамды бир нече жүз метр сүйрөп кеткени кабарланган, себеби буту үзөңгүгө тыгылып калган болушу мүмкүн. Окуянын чоо-жайы азыркы учурда такталып жатат.
Башында Kaktus.media редакциясына күбөлөр жабырлануучу кыз болгон деп билдиришкен.












