Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылынын жашоочулары ичүүчү суунун сапатына нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, экинчи күндөн бери крандардан цемент аралашкан сууга окшогон бозомтук, ылай суу агып жатат.
Жергиликтүү тургундардын бири мындай сууну ичүүгө гана эмес, тиричилик муктаждыктарына да колдонууга мүмкүн эместигин билдирди. Ал бул кырдаалга таң калуусун жашырган жок.
Ал ошондой эле тийиштүү кызматтарга кайрылып, суунун сапатынын начарлашынын себептерин түшүндүрүп, маселени тез арада чечүү үчүн чара көрүүнү суранды.






