Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жаш жигитти издөө операциясы уланып жатат. Ал Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен деп болжолдонот.

ӨКМдин маалыматына ылайык, каналга 2005-жылы туулган жаш жигит түшүп кеткени тууралуу кабар келип түшкөн. Издөө-куткаруу операциясына бардыгы болуп 65 адам тартылган — куткаруучулар, ИИМ кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар.

Издөө иштеринин жүрүшүн Чуй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын башчысы координациялап жатат.

Жакындарынын айтымында, каза болгон жигит Азиз Юбузов болуп чыккан. Алар айыл тургундарына кайдыгер карабай, мүмкүн болушунча издөөгө кошулууну же башка жардам берүүнү суранышты.