Венгриянын борбор шаары Будапештте өтүп жаткан «Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» аталышындагы эл аралык рейтингдик турнирде кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков утуп чыкты.
Спортчу 60 килограммга чейинки салмак категориясында өнөр көрсөттү. Биринчи беттешүүдө ал америкалык балбан Далтон Робертстен эсеп 4:0 менен туше ыкмасы аркылуу мөөнөтүнөн мурда жеңип чыккан.
Мунусу менен Жоламан Шаршенбеков турнирдин алтын медалынын ээси болуп, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын атынан дагы бир ийгиликке жетишти.

