Президенттин Администрациясынын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда чет элдиктер жөнүндө жалган маалымат тарата турган аккаунттар пайда болгонун жарыялады.
Орунбековдун сөзүнө караганда, аталган аккаунттар мурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев менен байланышкан. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Кызмат жетекчиси мындай жалган маалымат таратуу иш-аракеттери үчүн камакка алуу чаралары колдонулушу мүмкүн экенин эскертти.










