Президенттик Администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында мурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштуу деп болжолдонгон аккаунттар жалган маалыматтарды тарата баштаганын билдирди.

Орунбековдун айтымында, мындан мурда да ушул сыяктуу жарыялар мурдагы саясатчылар Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев менен байланыштуу аккаунттардан, ошондой эле айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн чыгып турган. Эми аларга «Ташиевдин командасынан чыккан жалган кабарлар» да кошулду деп белгиледи чиновник.

  • Мурдагы саясатчы Адахан Мадумаров менен байланыштуу аккаунттар
  • Мурдагы саясатчы Алмазбек Атамбаев менен байланыштуу аккаунттар
  • Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү
  • Камчыбек Ташиевдин командасы деп аталгандар