Бишкек шаардык мэриясы борбор калаадагы Дубовый паркты көрктөндүрүү максатында жашыл зонаны кайра калыбына келтирүүгө 40 миллион сом бөлүп берген. Бул каражат парктын аймагына жаңы дарак, бадал тигүү үчүн каралган болчу.

Бирок иш жүзүндө парктын аймагында дарак же бадал отургузулгандыгы байкалбай, тескерисинче, соода павильондору тургузулуп жатканы аныкталды. Бул кырдаал мэриянын алдын ала жарыялаган жашылдандыруу боюнча милдеттенмелерин аткаруу маселесин күн тартибине коюп жатат.

Каражат кайда сарпталып жатат?

Азырынча муниципалдык бийлик тарабынан бөлүнгөн 40 миллион сомдун так кандай багытта жумшалганы боюнча ачык маалымат жок. Ошол эле учурда парктын аймагында соода объекттеринин пайда болушу калктын жана коомчулуктун нааразычылыгын жаратып жатат.

Дубовый парк — Бишкектин борборундагы эң эски жана эң чоң жашыл зоналардын бири болуп саналат, ошондуктан анын аймагындагы өзгөрүүлөр шаардыктар тарабынан кылдат байкалып жатат.