Экономист Данияр Амангельдиев өлкөдө мунай продуктуларынын баалары толугу менен базар принциптерине өткөрүлсө, АИ-92 бензинин баасы литрине 114 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин айта кетти.
Ошондой эле ал дизелдин баасы 148 сомго чейин жетиши ыктымал экенин белгиледи. Булар баалардын мамлекеттик жөнгө салуусунан толук бошогон учурдагы болжолдуу көрсөткүчтөр.
