Туризм боюнча эксперт Асылбек Ражиев «Номад ТВ» каналына берген интервьюсунда Кыргызстандагы туризм өнүгүүнүн баштапкы этабында гана экендигин билдирди. Анын айтымында, бул тармакты андан ары өркүндөтүү үчүн бир катар чараларды көрүү зарыл.

Биринчи кезекте, инфраструктуралык маселелерди чечүү керек. Туристтик инфраструктура чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн да өнүгүшү зарыл.

Экинчиден, сапаттуу туристтик өнүмдөргө ээ болуу маанилүү. Бул жергиликтүү калкты окутуу, ошондой эле тейлөө кызматтарынын сапатын жогорулатуу аркылуу ишке ашат, — деди Ражиев.