Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусундагы селден жана суу ташкынынан коргоочу курулуштардын курулушун жеринде текшерип чыкты.
Ысык-Көл районунун Темир айылында узундугу 2040 метр болгон Арчалуу сел каналы курулуп жатат. Анын боюнда 11 ички тосмо каралган.
Ошондой эле Кашат айылында Чоң-Ак-Суу дарыясынын оң жана сол жээктерин бекемдөө иштери улантылууда. Бул иштер турак жайларга жакын жайгашкан 1000 метрлик тилкеде жүргүзүлүүдө.

















