Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жекшемби күнү, 26-июлда 45,6 млн киловатт-саатка жетти. Бул шаршембиде катталган 44,6 млн киловатт-сааттан жана бейшембидеги 44,4 млн киловатт-сааттан жогору болду.

Эске салсак, 18-июлдан 20-июлга чейин керектөө күнүнө 50 млн киловатт-сааттан ашып, жайкы максимумга жеткен. Бул Бишкек шаарында бир нече саатка созулган электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келген.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында электр тармактары комплексинин объекттеринде пландалган оңдоо иштери уланууда. Мекеме керектөөчүлөрдөн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну суранат. Пландалган оңдоо иштеринин графиги менен «НЭСК» ААК расмий сайтында (www.nesk.kg) же «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу таанышууга болот.