Шанхай Кызматташтык Уюму саясий, экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүү мейкиндиги гана эмес, чоң маалыматтык талаа болуп саналат. Бул жерде өлкөлөр биргелешкен жетишкендиктер жөнүндө айтып, фейктерге, манипуляцияларга жана маалыматтык коркунучтарга каршы чогуу турушу керек. Мындай пикирин "Qazcontent" ААК башкармалыгынын төрагасы Адил Сейфуллин Бишкекте өткөн ШКУ өлкөлөрүнүн медиа жана аналитикалык борборлорунун саммитинде билдирди.
Кыргызстандын Президенттик Администрациясынын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана аналитикалык борборлорун маалыматтык манипуляцияга жана жалган жаңылыктардын таралышына каршы биргелешип иштөөгө чакырды.
Орунбековдун айтымында, технологиянын тез өнүгүшү жана маалымат агымынын көбөйүшү шартында журналисттердин жана эксперттик коомчулуктун ролу олуттуу түрдө жогорулады. Ал маалымат коомдук пикирге жана мамлекеттердин келечегине таасир этүүчү эң күчтүү куралдардын бирине айланганын белгиледи.











