Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «5200» ишеним телефонунун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул мезгил аралыгында ишеним телефонуна зомбулуктун ар кандай формаларына жана оор турмуштук кырдаалдарга туш болгон жарандардан жалпысынан 3480 чалуу келип түшкөн.
Министрлик бул кызмат мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында үзгүлтүксүз психологиялык, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүп жатканын белгиледи.
















