Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2026-жылдын башынан тарта 5200 ишеним телефонуна зомбулук маселелери боюнча 3480 чалуу катталган.
Маалыматка ылайык, кызматтын адистери жарандардын кайрылууларын кабыл алып, психологиялык, социалдык жана укуктук кеңештерди беришет. Зарыл болгон учурда жардам алуу үчүн кайрылгандарды мамлекеттик органдарга жана адистештирилген уюмдарга ыкчам багытташат.
Ошону менен бирге, министрлик жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого, укуктары бузулган учурда өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат. Зомбулук — жеке үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй коомдун коопсуздугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген көрүнүш. Ар бир кайрылуу өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оор кесепеттердин алдын алууга өбөлгө түзөт.
Зомбулук түрлөрү боюнча кайрылуулар
2026-жылдын алгачкы 6 айында 5200 ишеним телефонуна түшкөн кайрылуулар



