Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, окуя «Чалдыбар» фитосанитардык көзөмөл пунктунда болгон. Орусиядан эки жүк ташуучу унаа менен алынып келе жаткан 90 куб метр жыгач материалдары Кыргызстандын аймагына киргизилген эмес.

Текшерүү учурунда адистер фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар менен товардык-коштоочу документтердеги маалыматтардын ортосунда дал келбөөчүлүктөрдү аныкташкан.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу, кармалган жүк жөнөтүүчүгө кайтарылды.