Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Бишкек шаарындагы №64 мектептин курулушуна байланыштуу жооптуу тараптарды жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Ал куруучулар, көзөмөлдөөчү органдар жана жетекчилер мыйзам алдында жооп бериши керектигин баса белгиледи.

Депутаттын билдирүүсүнө ылайык, объекттин курулуш иштери одоно мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн. Буга байланыштуу, иштерди көзөмөлдөөгө жана кабыл алууга тиешеси бар бардык кызмат адамдары жооп берүүгө милдеттүү.

Кошумчалай кетсек, жарыяланган видеодо мектептин курулушундагы оңдоо иштери одоно кемчиликтер менен аткарылганы байкалган.