Министрлер Кабинети 2027-2031-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү болжолуна ылайык, 2027-жылы банктардын насыялык портфелинин 40-45%га кеңейишин пландаштырган. Бул тууралуу Кабинеттин 2026-жылдын 3-июлундагы токтомунда белгиленген.
Өсүш биринчи кезекте керектөө сегментинин эсебинен күтүлүүдө. Өкмөттүн баамында, насыялар узак мөөнөттүү товарлардын (мисалы, тиричилик техникасы, электроника, унаалар) жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Министрлер Кабинетинин болжолунда, “насыялык экспансия” 2027-жылы керектөөнүн өсүш факторлорунун бири катары көрсөтүлгөн.
Насыялык портфель — бул берилген жана кайтарылбай калган насыялардын калдыгы. Учурда насыялык портфелдин өсүшү белгиленген коридордо жүрүүдө.
Коммерциялык банктардын насыялык портфели (Улуттук банктын маалыматы боюнча)




