Инфляция Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн да негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) «Регионалдык экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги: Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия» аттуу баяндамасында айтылат.

ЭВФтин маалыматы боюнча, аймактагы бир катар өлкөлөрдө баалардын өсүшү азык-түлүктүн кымбатташы жана ички суроо-талаптын өсүшү менен шартталган. Мындан улам Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын борбордук банктары акча-кредит саясатын катаалдаштырууга аргасыз болушкан.

Фонд белгилегендей, Кыргызстанда Улуттук банктын инфляцияны ооздуктоо боюнча чараларына карабастан, реалдуу пайыздык чен терс бойдон калууда.

ЭВФ Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө орточо инфляция деңгээли 2025-жылы 8,5%дан 2026-жылы 8,1%га чейин төмөндөйт деп болжолдоодо. Бирок, төмөндөө темпи өлкөлөрдүн экономикалык саясатына жана импорттук өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кандай болот.

Кыргызстанга карата фонд 2026-жылы мамлекеттик чыгымдардын өсүшү экономикалык активдүүлүктү колдой турганын, бирок ошол эле учурда бюджетке жана баалардын деңгээлине кошумча басым жаратышы мүмкүн экенин белгилейт.