ЕФСР өзүнүн Регионалдык экономикалык баяндамасынын жайкы такталган версиясында Кыргызстандагы инфляция боюнча болжолун бир кыйла жогорулатты. Бул фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылга карата өлкөдө инфляциянын деңгээли 10,2%га жетиши мүмкүн.
Мурдараак, 2026-жылдын мартында инфляция жылдык көрсөткүч боюнча 11%га чейин тездеген (бир жыл мурун 6,9% болгон). Апрель-май айларында баалардын өсүшү 11%дан жогору бойдон калган. Улуттук банктын максаттуу диапазонунун (5–7%) жогорку чегинен тезирээк өскөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 33%дан 69%га чейин өскөн.
Баяндамада инфляциянын тездешине бир катар факторлор таасир эткени белгиленет. Буларга суроо-талаптын, кредиттөөнүн жана калктын кирешелеринин өсүшү сыяктуу монетардык факторлор кирет. Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы, мал чарбасындагы чыгымдардын өсүшү, импорттук күйүүчү май менен азык-түлүктүн кымбатташы сыяктуу монетардык эмес себептер да таасирин тийгизүүдө.
ЕФСРдин инфляция боюнча орточо болжолу:
Инфляциянын ЕФСР болжолу




