Францияда, Атлантика жээгиндеги Кап-Ферре курорттук жарым аралы толугу менен эвакуацияланды. Жергиликтүү калк жана туристтер аймактан жер менен суу жолдору аркылуу чыгарылды. Алардын ичинен болжол менен 1 500 адам Аркашон шаарына суу таксилери жана ири кемелер менен жеткирилди.
Жиронда департаментинде өрт менен күрөшүүгө миңге жакын өрт өчүрүүчү катышууда. Франциянын ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул аймактан 110 миң адам, кошуна Ланд департаментинен дагы 31 миңден ашык киши эвакуацияланды.
Өрттөрдүн кесепетинен 42 куткаруучу жаракат алган, 80 үй жана бир кемпинг толугу менен талкаланды. Жалпысынан бул жылы Францияда 32 токой өртү катталды жана өрттөр 50 миң гектардан ашык аянтты талкалаган, бул өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе көп.
Испанияда өрттөрдөн улам биринчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мадрид жана Авила провинциясында үч ири очок бар, аларды толук көзөмөлгө алуу азырынча мүмкүн болбой жатат. Өкмөт өрттөрдүн биригип кетүү коркунучу бар деп чочулоодо.





