Бишкекте 2026-жылдын июль айында биринчи жолу өткөрүлгөн ШОС мүчө мамлекеттеринин медиа жана аналитикалык борборлорунун форумунун чет элдик коноктору мамлекеттик камсыздандыруу менен камсыз болду.

Государственная страховая организация (ГСО) форумдун расмий камсыздандыруу өнөктөшү болуп, 180ден ашык чет элдик делегатка жалпы суммасы 91 млн сомго барган камсыздандыруу полистерин берди.

ГСОнун орун басары Бактыгул Абдыжалиев Кыргызстандын камсыздандыруу тутуму заманбап стандарттарга жооп берип, инвестиция салууну пландаган ишкерлерге жана конокторго ыңгайлуу шарттар жаратып жатканын баса белгиледи.

Форумга 26 өлкөдөн болжол менен 250 делегат катышып, медиация, аналитикалык борборлор, илимий институттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги темасы – «ШОС жаңы доордо: бири-бирине түшүнүктүүлүктөн практикалык кызматташтыкка» деп белгиленди.