Форумга катышуу үчүн чет элдик делегациялар Кыргызстандын борборуна 26-июлдан 27-июлга караган түнү келе баштаган.

Жалпысынан, форумдун ишине ЖМК, талдоо борборлору жана профилдик уюмдардын өкүлдөрү 26га жакын мамлекеттен – ШКУга мүчө өлкөлөрдөн, байкоочу мамлекеттерден жана диалог боюнча өнөктөштөрдөн катышат.

Форумдун негизги иш-чаралары 27-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, ЖМК менен талдоо борборлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле глобалдык медиа мейкиндигинин өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары тууралуу маселелерди талкуулашат.

Иш-чараны Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги жана «Синьхуа» маалымат агенттиги уюштурууда.