Бишкек шаарында өткөн ШКУ Медиа жана аналитикалык борборлор форумунда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов сөз сүйлөдү. Ал иш-чаранын уюштуруучуларына ушундай авторитеттүү аудиторияга кайрылуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берди.
Идирисовдун айтымында, Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылып, алгачкы коммерциялык алтын 1997-жылы өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандагы ири өнөр жай ишканасы жана өлкөнүн негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
«2022-жылдын 23-августу Кыргызстан үчүн тарыхый күн болду. Дал ошол кезде Кумтөр кени толугу менен мамлекеттин башкаруусуна өткөн. Бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул процессти ийгиликтүү аягына чыгарган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чечкиндүү саясий эркинин жана ырааттуу позициясынын аркасында гана мүмкүн болду», — деп белгиледи Идирисов.
Ал кошумчалагандай, бул чечимдин натыйжалары ишкананын туруктуу иши, өндүрүш жана финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшү, ошондой эле компаниянын мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы менен тастыкталууда. Учурда кен туруктуу иштеп, өндүрүш пландарын аткарып, бир нече миң Кыргызстан жаранын жумуш орду менен камсыз кылууда.









