12-июлда соцтармактарда Иссык-Күлдө жүргөн буксирден кара түтүн чыгып жаткан видеосу тараган. Бул көрүнүш аймактын тургундарынын тынчсыздануусун жаратты жана экологияга терс кесепетин тийгизерин белгилешти.

13-июлда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы бул факт боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен буксирдин ээси Кыргыз Республикасынын Кодекси боюнча 23 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө буксирден азыркы убакта кара түтүн чыкпай турганы аныкталды. Ээси сапатсыз отунду кээ бир учурларда колдонгонун, бирок ал алмаштырылганын билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, отондон чыккан унаа абасынын булганышынын нормалары ашып кеткен учурлар видеодон аныкталган. Айып пулду салуу менен экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча жоопкерчиликке тартылды.