2026-жылдын 18-июлунда маалымат каражаттарында жана интернет тармагында бир видеожазуу жарыяланган. Анда Балыкчы шаарындагы «Оазис» кафеси тарабынан айланага агын суу чыгарылып жаткандыгы болжолдонгон учур тартылган.

Текшерүү жүргүзүлдү

Видео жарыялангандан кийин, 2026-жылдын 19-июлунда Айыл чарба, экология жана техникалык коопсуздук министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кафе агын сууну сброс кылганы аныкталып, ага карата айып пул чара колдонулган.