Кыргызстанда биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун форуму өтүүдө. Ага дүйнөнүн 26 мамлекетинен 250дөн ашык катышуучу келди.

"Кабар" агенттигине берген маегинде журналист жана медиаэксперт Азамат Тынай тегин мындай жогорку деңгээлдеги форумдун өтүшү Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркынын бекемделиши жана акыркы жылдардагы дипломатиялык жетишкендиктери менен шартталганын айтты.

Мындай медиа иш-чараны биринчи жолу көрүп жатам. Чынын айтсам, мурда Кыргызстанга 26 мамлекеттен 250дөн ашык делегат келет деп эч ким кыялданган эмес. Мунун себеби Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылганында эле эмес. Ошондой эле бул дүйнөлүк коомчулуктун биздин өлкөгө болгон кызыгуусунун өсүшү жана акыркы жылдардагы дипломатиялык ийгиликтер менен байланыштуу. Анын аркасында Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болду.
Азамат Тынай тегин

Медиаэксперт мындай эл аралык аянтчаларды өткөрүү ата мекендик журналистиканы мындан ары өнүктүрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Бул факторлор болбосо да, Кыргызстанда мындай ири медиа форумдарды өткөрүү — мезгилдин талабы. Мен бул иш-чаранын уюштуруучусу “Кабар” агенттиги болгонуна абдан кубанычтамын. Бүгүнкү күндө биз кыргызстандык ЖМКнын журналистика деңгээли жана потенциалы кыйла жогорулаганын көрүп жатабыз.
Азамат Тынай тегин