Москва шаарында өтүп жаткан «Жасалма интеллект дүйнөсүнө саякат» (AI Journey 2026)» эл аралык конференциясынын алкагында жаш таланттар менен жолугушкан Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев TikTok тууралуу өз оюн айтты.

Мээни өлтүрүүчү коркунуч

Президентдин айтымында, азыркы учурда смартфондорду негизинен чалуулар, кат алышуу же тасма көрүү үчүн гана колдонушат. Бирок TikTok платформасы адамдын, өзгөчө жаш муундун мээсин өлтүрүүчү коркунучтуу нерсе экенин баса белгиледи.

TikTok — бул адамдын мээсин, өзгөчө жаш адамдын мээсин өлтүрүүчү коркунучтуу нерсе.
Касым-Жомарт Токаев

Элдик санариптик экономика

Токаев смартфондорду туура жана чебер колдонуу аркылуу киреше табуу мүмкүн экенин белгиледи. Анын пикири боюнча, эгерде айыл же кичинекей конуштарда интернет иштесе, адамдар санариптик технологияларды колдонуп, мыйзамдуу түрдө акча таба алышат.

Бул максатка жетүү үчүн адамдарды атайын окутуу зарыл экенин айткан президент, мындай ыкманы «элдик санариптик экономика» деп атады.