Жасалма интеллект боюнча жаңы сунуштар
Токаев өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө глобалдык башкаруу системасын түзүп, технологияларды бардык мамлекеттерге пайда алып келүүнү баса белгиледи. Конференция "Жасалма интеллект доорунда глобалдык элдешүү" девизинин алдында өтүүдө.
- AI for Good («Жасалма интеллект жакшы үчүн»)
- AI for All («Жасалма интеллект баардыгы үчүн»)
- Жасалма интеллект бардык мамлекеттерге пайда алып келүүсү керек
Токаев: «Эч бир өлкө жасалма интеллекттин гана керектөөчүсү болуп калбашы керек. Ар бир мамлекет өзүнүн интеллектуалдык капиталын, цифралык инфраструктурасын жана институттук потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алууга тийиш» деп белгиледи.













