Жерге-Тал айылында спорт залдын курулуш иштери мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткандыгы Жалал-Абад областынын Архитектура-курулуш көзөмөлү бөлүмү тарабынан табылды.

Атап айтканда, курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш объектисинин реестрине катталбастан жүрүп жаткан.

Бул мыйзам бузуунун натыйжасында «Кайрат Строй Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген компаниясына 28 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле, курулуш иштери мыйзамдуу негизде маселелер чечилгенге чейин убактылуу токтотулду.