Баткенде үч кабаттуу, жер төлөсү бар коммерциялык имаратты куруу учурунда мыйзам талаптарына каршы келүү фактысы табылды.
Министрликтин маалыматы боюнча, курулуш иштерин жүргүзүүгө керектүү уруксат кагаздары алынбаган.
Ошондой эле объект жаңы курулуштардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине катталбай туруп ишке киришкен.
Мыйзам бузуу үчүн Жаран И.С.И. жөнүндө протокол түзүлүп, ага 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Жогорудагы мыйзам бузуулар толугу менен жоюлганга чейин курулуш токтотулуп турат.










