Кытай Эл Республикасы менен Казакстан ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жылына 49 миллиард долларга жетти. Кытайдын Казакстанга салган инвестициясы 30 миллиард доллардан ашканын Euronews кабарлады.
Азыр Казакстанда 8500дөн ашык Кытай катышуусундагы компания иштеп жатат. Кытай Казакстандын эң негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.
Тараптар CATL компаниясы менен биргеликте Борбор Азиядагы алгачкы электромобилдер үчүн батарея чыгарган заводду курууну пландашууда. Ошондой эле Казакстанда Кытайдын автоөндүрүшчүлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү максатында келишимдер жетишилди.



















