Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Мухтарбек Баймурзаев билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинде министрликтин Бирдиктүү санариптик билим берүү экосистемасы тууралуу маалымат берди.
Ал ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында окуучулардын, мугалимдердин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана башка кызматкерлеринин билим деңгээлин баалоо үчүн заманбап тестирлөө борборлорун түзүү иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Ли Су Ёнг компаниянын ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен кызматташуу тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.
IT-компаниянын кызматташууга кызыккан багыттары:
- Санариптик трансформациянын планын жана негизги багыттарын иштеп чыгуу
- Мугалимдер үчүн окутуу программаларын уюштуруу
- IT-тематика боюнча онлайн лекцияларды даярдоо
- Башка биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагын санариптештирүү боюнча айтылган сунуштарды карап чыгып, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоону улантууну макулдашты.








