Текшерүүнүн жүрүшү

Ош жана Ош облусу боюнча жер жана суу көзөмөлү кызматынын аймактык башкармалыгы Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Озгур айылында жайгашкан "Кунь-Лунь" ЖЧКсына текшерүү жүргүздү.

Текшерүү Озгур айылынын айыл башчысынын арызынын негизинде уюштурулган. Иштин жүрүшүндө компания өзүнө мыйзамдуу түрдө бекитилген жер тилкесинин чегинен тышкары кошумча жер аянтын пайдаланып жатканы аныкталды.

Кабыл алынган чара

Аныкталган бузуу боюнча текшерүүчүлөр акт түзүп, жазуу жүзүндөгү буйрук чыгарышты жана укук бузуу тууралуу протокол толтурушту. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 149-статьясына ылайык, ишканага 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.