Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында атчан сейилдөө маалында болгон кырсыктан улам 20 жаштагы жаран каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги 24.kg агенттигине ырастады.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда ээрден кулап, буту үзөңгүгө тыгылып калган кыз тууралуу маалымат тараган болчу. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон адамдын 20 жаштагы жигит экенин тактады.

Күбөлөрдүн айтымында, жылкы бир нече жүз метр аралыкка чейин адамды сүйрөп барып, башка атчандар гана аны токтото алган.

Жабырлануучу Ананьево айылынын аймактык ооруканасына жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өлүмүн констатациялашкан.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.