Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында көмүр өндүрүшү 1,9 миллион тоннага жетти. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7% өскөнүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аналитикалык отчету тастыктады.
Кыргызстан ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн ичинен көмүр өндүрүшү боюнча эң жогорку өсүш ылдамдыгын көрсөттү. Мисалы, Казакстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында көмүр өндүрүшү 54,1 миллион тоннага жетип, жылдык салыштырууда 0,1% төмөндөгөн. Орусияда болсо өндүрүш 212,5 миллион тонна болуп, 1,9% азайды.
2026-жылдын январь-июнь айларында көмүр өндүрүшү (тонна менен)










