Токтогуль суу сактагычында Жалал-Абад аймактык Миниприрода башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда 300 метрлик синтетикалык балык тору табылып, суу алдынан чыгарылды.
Аталган мыйзамсыз балык тору белгисиз адамдар тарабынан орнотулуп, балык запастарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн деп белгиленди.
Тор суу сактагыЧтан чыгарылып, калыпка ылайык каттоодон өткөрүлдү. Министрлик мындай рейддер мыйзамсыз балык уулоону токтотуу жана табиятты коргоо үчүн улантыларын билдирди.

















