Корумду чокусунда август айынын башында жоголгон үч альпинистти издөө иштери 16-августта убактылуу токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, издөө учурунда альпинисттерге таандык бут кийим табылган.

Мурдагы издөөлөрдө аларга тиешелүү рюкзак, уктоо баштыгы жана башка жеке буюмдар да табылганы маалымдалган. Бирок ошол учурда алардын сөөгү аныктала элек болучу.