Евразия экономикалык комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча, Евразия экономикалык биримдигиндеги жүк жана жүргүнчү ташуу тармагында туруктуу өсүү байкалууда.

Кыргызстан бул көрсөткүчтөр боюнча биримдиктин алдыңкы өлкөлөрүнүн катарында калууда. Мамлекеттин транспорттук жөндөмдүүлүгү жүк ташууда күчтүү позицияларын сактап турат.

Бул жагдай Кыргызстандын экономикалык интеграциядагы ролун жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда.