Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Шахимардан айылында жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерин карашты. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан мурда жетишилген келишимдерди өнүктүрүүнүн алкагында, кызматташтыктын комплекстүү программасын (Жол картасын) жаңы багыттар менен толуктап, актуалдаштыруу чечими кабыл алынды.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири туризм тармагын өнүктүрүү болду. Тараптар Өзбекстандын Шахимардан жана Кыргызстандын Дугаба эс алуу зоналарын бирдиктүү эркин туристтик зона катары өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти активдештирүүгө макулдашышты. Ошондой эле эки аймактын өткөрүү пункттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралды.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана импорттоо үчүн муздаткыч логистикалык борборлорду куруу, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу маселелерин жана чек ара кызматташтыгынын башка багыттарын талкуулашты.